08.01.2019 13:48

УКМК: Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктады

УКМК: Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктады

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы бүгүн, 8-январда билдирди. 

Маалыматта— «Тергөө Сапар Исаков баш болгон бир нече жогорку кызматтагы адамдар өздөрүнүн бийлигин колдонуп, ТВЕА компаниясы менен көз көрүнөө мамлекетке пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке жана коомдун кызыкчылыгына 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян алып келгенин аныктап чыкты», -  деп айтылат. 

Мекеменин билдиришинче, 2010-жылдын февралында Кыргызстан Бишкек ЖЭБин жаңылап берүүгө 200 миллион доллар сураган «ТВЕА» компаниясынын сунушун – кымбат жана техникалык талаптарга жооп бербейт деп четке каккан. 

«Бирок, 2013-жылы Сапар Исаков Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда, Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорун жеке көзөмөлүнө  алып, «ТВЕА» компаниясына бул ишти 386 миллион долларга аткарууга укук берип койгон», -деп жазат мекеме. 

«Анын үстүнө Исаков «ТВЕА» компаниясынын бул жааттагы долбоорлорду аткарууда тажрыйбасы жок экенин, техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоорлук-сметалык документтери толтурулбаганын атайылап эске албай койгон», -деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.   

Белгилей кетсек, айтылган акча Кытайдын ЭКСИМ банкынан 20 жылдык мөөнөткө жылдык 2 пайыз үстөгү менен алынган. Насыяны алган 2014-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин КР 22 миллион 814 миң 328 доллар пайыз төлөгөн.

«Учурда айыпталуучуларды жана алардын жактоочуларын кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен кылмыш иши айыптоону тастыктап жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилет», -дейт УКМК.