24.12.2018 12:31

УКМК чагымчыл материалдарды тараткандар жоопко тартылаарын эскертет

УКМК чагымчыл материалдарды тараткандар жоопко тартылаарын эскертет

Кытай жарандарынын укук бузган иш-аракети боюнча Интернет-мейкиндигинде жана коомдук тармактарда жигердүү талкуулоо жана жайылтуу иштери боюнча УКМК  текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

«Учурда УКМК тарабынан чагымчыл кабарларды жайылткан бир катар адамдар аныкталды, алардын айрымдары өздөрүнүн кылган иштерин мойнуна алып, өкүнгөндөрүн билдиришүүдө» -деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу УКМК деструктивдүү күчтөр атайын материалдарды жасап таратып, республикадагы абалды туруксуздаштыруу максатында коомчулуктун оюн башка нукка буруп, Кыргызстандагы кырдаалды дестабилдештирүү максатын көздөшүүдө деген ойдо.  

Ошол эле учурда, жайылтылган бир катар материалдардын арасында, 2015-жылы Казакстанда  мыкаачылык менен өлтүрүлгөн алты жашар кыздын тартылган видеосу дагы бар. Бул иш боюнча күнөөлүүлөр кармалып, соттолгон.

КР УКМК ушундай мыйзамсыз иш аракеттерге курал болуп, кылмыштуу күчтөргө көмөкчү болбогула деп эскертет.

Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса - төрттөн жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Буга байланыштуу КР УКМК тарабынан провокаторлор аныкталып, КР мыйзам чегинде жазага тартылат.