12.07.2018 18:35

УКМК «Дастан» ишканасынын башчысын камакка алды

УКМК «Дастан» ишканасынын башчысын камакка алды

УКМК «Дастан»ТУК» ААКсынын башкармалыгынын төрагасын «Күнөстүү жээк» пансионатынын акцияларын  арзандатылган баада сатып жиберүү фактысы менен кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

«Дастан» ишканасы көл жээгинде жайгашып, аянты 11,7 гектарды түзгөн «Күнөстүү жээк»  пансионатынын 100 % акциясына ээлик кылган. Аталган пансионаттын ишкана алдында ремонт иштерин жүргүзүп бергени үчүн 24 млн 504 миң 923 сом карызы болгон. 

Бирок, 2013-жылдын 15-февралында Юрий Васильев Э.А. аттуу кыргыз жаранына пансионаттын 100 % акциясын арзандатылган баада 47 млн 750 миң сомго сатуу боюнча келишим түзгөн.

Эсептөө палатасынын 10-июлдагы аудитинин актысына караганда, Юрий Васильев түзгөн келишимдин негизинде акциялардын төмөндөтүлгөн баада сатылышынан улам «Дастан» ишканасы 128 млн 379 миң 500 сом чыгашага учураган. Ошондой эле, компания ремонт үчүн жумшаган 24 млн 504 миң 923 сомдун орду толтурулган эмес. 

Учурда Юрий Васильев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.  Териштирүү иштери жүрүүдө.