24.01.2019 10:59

УКМК: Эки жаш жигитти өзбек улутундагылар сабап жаткан тасма Кыргызстанда тартылган эмес

УКМК: Эки жаш жигитти өзбек улутундагылар сабап жаткан тасма Кыргызстанда тартылган эмес

Эки жаш жигитти өзбек улутундагылар сабап жаткан тасма Кыргызстанда тартылган эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Улут аралык кастыкты козутуу максатында арам ойлуулар тарабынан социалдык тармактарда таратылып жаткан тасма Кыргызстанда эмес, Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн жылдын 24-декабрында  тартылган. Учурда коңшу мамлекеттин укук коргоо органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү иш-чараларды өткөрүшүүдө. Белгилей кетчү нерсе, өзбек телеканалдарында бул окуя тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. КР УКМК бул видео роликти таратып жаткандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүдө», -деп айтылат маалыматта.