29.11.2019 10:31

УКМК: Экс-элчи Эркин Сопоков камакка алынды

УКМК: Экс-элчи Эркин Сопоков камакка алынды

Кыргызстандын Турциядагы мурунку башкы консул УКМКга сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөгө Сопоков күн мурун, 28-ноябрда чакырылган. Ал Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча көрсөтмө берет. Себеп экөө тааныш болушкан. Бул себептүү ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камалды. Андан кийин баш коргоо чарасы аныкталат. 

Эске салсак, Кыргызстандын Турциядагы башкы консулу минген унаасын 10 миң долларга ижарага бергендиги тууралуу Sozcu турциялык басылма жазып чыккан. Ачыкталган маалымат боюнча отчет кыргыз тарапка жөнөтүлгөн.

10-ноябрда киши колдуу болуп каза тапкан Айеркен Саймаитинин чөнтөгүнөн милиция кызматкерлери Range Rover маркасындагы жол тандабастын ачкычын табышкан. Автоунаада дипломатиялык номерлер тагылуу болгон. Болгондо дагы башкы элчи Эркин Сопоковдун атына катталган.

Көп өтпөй, 12-ноябрда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Эркин Сопоковду кызматынан бошоткон.

КР ТИМги кылмыш окуясы орун алган жерде табылган жол тандабас Range Rover Сопоковго таандык экенин расмий түрдө бышыктаган. Ал эми номерлери дипломатиялык болуп чыккан. Өз кезегинде Сопоков тепкен унаасы кантип кылмыш болгон жерге барып калганын түшүндүрүп берген эмес.

Кыргызстандын каржы полициясы Айеркен Саймаитини үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле издөөгө салганын 12-ноябрда жар салган.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.