28.06.2019 10:17

УКМК экс-президенттин күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр

УКМК экс-президенттин күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр

Экс-президент Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлеринин алынып салынганы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Буга чейин соцтармактарда 28-июнга караган түнү саат 4:30 чамасында экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөт алынганы тууралуу маалымат тараган.  

 

Бүгүн болсо УКМК бул маалыматты четке какты.

«Азыркы учурда экс-президентти кайтарууда камсыз болгон күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле. УКМК экс-президентин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр», -дешти мекемеден.