05.03.2018 09:50

УКМК: «Электр станциялар» ААК башкы директорунун мурунку биринчи орун басары Б.Боркоев кармалды

  Коом (3 материала)
УКМК:  «Электр станциялар» ААК башкы директорунун мурунку биринчи орун басары Б.Боркоев кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук  кызматы өткөзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында “Электр станциялар” ААК айрым жетекчилери тарабынан ири суммадагы акча каражаттарын уурдап жана мыйзамсыз алып чыгарып кетүү фактысы аныкталды. Бул кылмыш схемасына  жалган фирмалар тартылган.

ААК айрым жетекчилери казанагрегаттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча сынакты өткөзүүдө квалификациялык талаптарга шайкеш келбегендигине карабастан, иш аткаруучу мекемелер менен келишим түзүп, алардын эсептерине ири өлчөмдөгү акча каражаттарын которушкан. Ошол эле учурда калыбына келтирүү иштери Бишкек шаарынын  ЖЭБинин өздүк күчү менен жүргүзүлгөн.

Бул каражаттар Бишкек ЖЭБинин 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүсү үчүн каралган.

Бул факты боюнча КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2 пункттарына (Кызмат абалын пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 189-беренесине (Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу), 221-беренесинин 3-бөлүгүнө (Акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 350-беренесин 3-бөлүгүнө (Башка кылмышты жаап-жашыруу же жасалган кылмышты жеңилдетүү максатында документтерди колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын алкагында жогоруда айтылган кылмыштарга шектүү катары «Электр станциялар» ААК башкы директорунун мурунку биринчи орун басары Б.Боркоев кармалды

Учурда Боркоев Б.  убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.