14.08.2019 11:43

УКМК: Эсептөө палатасынын инспектору пара талап кылган

УКМК: Эсептөө палатасынын инспектору пара талап кылган

Эсептөө палатасынын инспектору Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара талап алгандыгы аныкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

Такталгандай, 2019-жылдын апрель айында Э.К. Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган.

Апрель айында аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Кийин калган жетпеген акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2019-жылдын 26-июлунда кармалган Э.К. күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Ал эми Ш.М. карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат.