03.07.2019 13:06

УКМК: Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди

УКМК: Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди

Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Бул туурасында УКМК басма сөз кызматынан бүгүн, 3-июлда билдиришти. 

Маалыматта «Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилди», -деп айтылат.

2018-жылдын 28-сентябрында Башкы прокуратура Икрамжан Илмияновго кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 18-октябрында Биринчи Май райондук соту Илмияновду  сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шектелип жатат.  Ушул жылдын 17-июнунда Башкы көзөмөл орган И. Илмияновдун иши тергелип бүткөнүн маалымдаган.