31.07.2019 10:55

УКМК качкын президент Бакиев тууралуу материалдар боюнча үн катты

УКМК качкын президент Бакиев тууралуу материалдар боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ЖМКларда качкын президент К.Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон маалыматтар жана телевизиондук материалдардын чыгышы тууралуу үн катты. 

Маалыматта материал авторлоруна Бакиев жана анын жакындары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн соттолуп, азыр издөөдө экенин унутпоону эскертет.

«Мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу, УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет. Эскерте кетсек, КР Башкы прокуратурасы тарабынан мурун козголгон кылмыш-иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, жана ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Азыркы убакта айыпталуучулар издөөдө», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, NewTV каналы кечээ Курманбек Бакиевдин 70 жылдык мааракесине карата тартылган фильмди эфирден көрсөтүшкөн. Бүгүн, 31-июлда түз эфирде туулган күнү менен куттукташкан. 

Белгилей кетсек, NewTV каналынын директору Шакиев Нурланбек 2006-2009-жылдары ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп эмгектенген. 2009-2010-жылдары президенттин кеңешчиси кызматын ээлеген.