09.01.2019 12:30

УКМК: «Калыс-Ордо» конушуна мектеп салууда казынага 95 миллион сом зыян келтирилген

УКМК: «Калыс-Ордо» конушуна мектеп салууда казынага 95 миллион сом зыян келтирилген

«Калыс-Ордо» конушуна мектеп салуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аягына чыкты. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча акыркы айыптоо Бишкек шаарынын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О.го жана алар менен ич ара сүйлөшүүгө барган жеке компаниянын жетекчилери К.Ш менен С.А.га тагылды.

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, мурунку калаа башчылары  мектепти куруу ишин мамлекеттик сатып алуулар жана курулуш боюнча учурдагы мыйзамдарды бузуу менен ишке ашырышкан.

Мектеп долбоорлук-сметалык, уруксаат берүүчү жана башка керектүү документтери жок курулган. Жалданма уюмдарды тандоо тендерсиз, коррупциялык схема боюнча жүргөн. Акча каражаттары көрсөтүлгөн компаниялардын эсебине мыйзамсыз негизде которулуп, жалданма уюмдар акчалар кайда сарпталып жатканы тууралуу отчетту учурдагы нормативдерди сактабай берген, кээ бир учурларда берген да эмес.

Жыйынтыгында 660 окуучуга эсептелинген мектепти курууга ТВЕА компаниясы грант катары берген 2 млн доллар, шаар бюджетинен бөлүнгөн 114 млн. сом кеткен.

Маалыматта өкмөт башында ТВЕА компаниясы бере турган 2 миллион долларга аймактарга миң окуучуга эсептелген 2 мектеп курууну пландап жатканы айтылат. «Мындан улам, казынага келтирилген чыгым 95 млн. сом болду»,- деп билдирет тергөө.

Учурда айыпталуучулар менен алардын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатышат. Андан кийин иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.