21.05.2019 16:18

УКМК кызматкери белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом пара талап кылганбы?

УКМК кызматкери белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом пара талап кылганбы?

Күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети териштирүүнү токтотуу үчүн жарандан 350 миң сом пара талап кылган кызматкери акча алып жаткан маалда колго түшкөнү тууралуу маалымдаган. Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизондук гауптвахтасына киргизилгени айтылган.

Ага  удаа Башкы прокуратуранын расмий сайтында: «УКМК кызматкери М.Ю. аттуу жаранды музейден кымбат баалуу картинаны уурдап кетүү фактысы боюнча 2013-жылы козголгон кылмыш иши менен опузалап, териштирүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылган. 16-майда жаран арыз менен Аскер прокуратурасына кайрылып, 17-майда  чекист музей директорунун кабинетинен 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү», -деген маалымат жарыяланган. Кайсы музей экени көрсөтүлгөн эмес.

Айрым маалыматтар боюнча, бул иштин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев менен байланышы болушу мүмкүн. Бүгүн айрым ЖМКлар музей директору Юристанбек Шыгаев 2013-жылы музейден Николай Сверчковдун «Ат менен ит» (1875-жыл) жана  Николай Генин калемине таандык «Н.А.Бакуниндин портрети» (1871-жыл) картиналарын алып чыгып, кайра начар абалда кайтарып бергенин жазып чыгышкан. Ошондой эле, бул үчүн кызматтан бошотулушу мүмкүн экени айтылган.

Маданият министри Азамат Жамангулов тузүлгөн кырдаалдан кабары бар экенин билдирди. «Азыр бул боюнча атайын түзүлгөн комиссия териштирүү ишин жүргүзүп жатат.  Алардын корутундусу чыгаары менен расмий билдирүү таратабыз», -деди министр.  

УКМК дагы, Башкы прокуратура дагы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.