19.09.2019 09:41

УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, орусиялык жарандын акчасын уурдагандар кармалды

УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, орусиялык жарандын акчасын уурдагандар кармалды

УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, орусиялык жарандын акчасын уурдап кеткен шылуундар кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмышкерлер «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамераларынын жардамы менен табылган. 

«17-сентябрь күнү Ысык-Ата райондук милициясына орусиянын жараны кайрылып, акчасын уурдагандарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн. Ал Бишкек-Торугарт жолунда, Ивановка айылында «БМВ» унаасын айдап бара жаткан. Аны жолдон 2 адам токтотуп, өздөрүн «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз» деп тааныштырып, документтерин, сумкасын көрсөтүүнү талап кылышкан. Ал баштыгын ачып текшерткенде, 2 жаран байкатпай, 10 миң рубль акчасын алып коюшкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөр Бишкектен кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле иликтөө иштеринде алар УКМКнын кызматкерлери эместиги белгилүү болду. Учурда бул фактыны Ысык-Ата РИИБи сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү иш-чаралар уланууда.