19.08.2019 17:13

УКМК Кой-Таштагы тополоңдо жай жарандын каза тапканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

  Кой-Таш операциясы (5 материалов)
УКМК Кой-Таштагы тополоңдо жай жарандын каза тапканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Кой-Таштагы тополоңдо жай жаран спецназ жоокерлеринин ур-токмогунан каза тапканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирет УКМК.

«Азыркы убакта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таш окуясында бир адам, КР УКМК атайын күч кызматынын орун басары каза болгондугун расмий билдирген. Мындан башка Кой-Таштагы окуялардан жабыркагандардын арасында каза болгондор тууралуу факты катталган эмес. 130 ашуун адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардамга кайрылышкан», -дешет мекемеден.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таштагы башаламандыкта спецназдын ур-токмогунан бир тынч жаран каза тапканы тууралуу маалымат түшкөнүн, учурда анын чын-бышыгы териштирилип жатканын билдирген.