УКМК Кубанычбек Кулматовдон TBEA компаниясы тууралуу сураштырды

Кубанычбек Кулматов туура 3 саат УКМКда сурак берди. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери бажы кызматынын төрагасын кытайлык TBEA компаниясы берген грант боюнча маалымат алуу үчүн чакырткан. Бул туурасында Кулматов өзү April.kg порталына билдирди.
Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушунда жаңы мектеп курулган. Окуу жайды ЖЭБти модернизациялап берген "айтылуу" TBEA компаниясынын грантына салышкан.
Аталган мектепти курууда кандайдыр-бир мыйзам бузуулар катталган эмес.
Кулматовдун айтымында, УКМК аны суракка дагы чакыртышы мүмкүн.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: