10.07.2018 14:37

УКМК: Нурбек Токтакунов тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарбоо кагазына кол коюудан баш тарткан

УКМК: Нурбек Токтакунов тергөө маалыматтарын  ачыкка чыгарбоо кагазына кол коюудан баш тарткан

УКМК Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун «Исаковдун иши тууралуу материалдардын көчүрмөсүн бербей жатышат» деген маалыматы боюнча билдирүү таратты. 

УКМКнын маалыматында: «2018-жылдын 22-июнунда адвокат Токтакуновдон КРнын Жазык-процесстик кодексинин 48-беренесинин (Жактоочунун укуктары жана милдеттери)  3-бөлүгүнүн 7-пункту боюнча өтүнмө түшкөн», -деп айтылат.

Көрсөтүлгөн берене боюнча жактоочу «кармоо протоколу, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом, шектүүнүн, айыпкердин же жактоочунун өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору, шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга берилген же берилүүгө тийиш болгон документтер менен, ал эми тергөө бүткөндөн кийин - иштин бардык материалдары менен таанышууга укуктуу». 

«Жактоочунун бул укугун эске алуу менен, учурда кылмыш иши боюнча тергөө бүтө электигине байланыштуу Токтакуновдун өтүнүчү жарым-жартылай орундалып, ага Исаковго ачылган кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга уруксаат берилген», -деп жазат УКМК.  

КРнын Жазык-процесстик кодексинин (ЖПК) 231-беренесинин (Айыпкерди жана анын жактоочусун иштин бардык материалдары менен тааныштыруу) 2-бөлүгүнө ылайык, «Айыпкер жана жактоочу иштин материалдары менен таанышуу процессинде, документтерден маалыматтарды жазып алууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу». 

«Жактоочунун өтүнмөсүн  карап чыгууда тергөөчү ЖПКнын 48-беренесине ылайык иш жүргүзгөн. Андан сырткары, ЖПКнын 173-беренеси (Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруунун жол берилгистиги) боюнча тергөө учурунда алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбаш керек жана тергөөчү жактоочуга бул тууралуу эскертип, андан кол кат алууга укуктуу. Бирок, кандайдыр -бир түшүнүксүз себептер менен Нурбек Токтакунов тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого кол коюп берүүдөн баш тарткан»,- деп жазылат маалыматта.