10.01.2019 10:20

УКМК Сапар Исаковго Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоп-түзөө боюнча айып такты

УКМК Сапар Исаковго Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоп-түзөө боюнча айып такты

2018-жылдын 31-декабрында Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан С.Исаковго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып тагылды. Бул туурасында УКМК маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкармалыгы түрктөрдүн музейди жаңылоого каражат бербей коюшуна Сапар Исаковдун оңдоп-түзөө иштерин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүүнү талап кылганы себеп болгон деген бүтүмгө  келген. 

«2016-жылы өкмөт Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалыгы (ТИКА) менен мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол койгон. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 млн. АКШ доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек. Бирок, ал кезде Президентинин аппаратынын жетекчиси болуп турган С.Исаков жана башка кызмат адамдары  жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүргүлө деп негизсиз талап койгондуктан, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында, музейди  реконструкциялоо үчүн мамлекеттик казынадан 1 млрд. 520 млн. 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган», -деп жазылат билдирүүдө. 

Ошондой эле, Коопсуздук кызматы Тарых музейинин ичин жасалгалоо үчүн немец компаниясы тандалып калышына Сапар Исаковдун да катыштыгы бар деген жыйынтыкка келген. 

«2017-жылы С.Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, КР мыйзамдарын бузуп, өлкө кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга Германиялык компанияны катыштырган. Натыйжада, белгиленген компания КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттарды жана жабдыктарды, атап айтканда, кафетерийге кымбат баадагы жабдуулар, эки ак аттын макетин, 59 дарактан турган инсталляцияга жана анын жыгач койгучтарына баардыгы болуп 55 млн.593 миң 772 сом жумшалган. Немец компаниясы тарабынан алынып келинген керектелүүчү материалдардын (клей, кагаз скотч, силикон түтүкчөсү, кол каптар, балка, бургу,таштанды кабы ж.б.) баасы Кыргызстандагы ички базардагы баасынан айырмасы 3 млн. 785 миң 600 сомду түзгөн», -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, немец компаниясы менен улуттук валютада эмес, евро курсу менен түзүлгөн келишим үчүн да Сапар Исаковду айыпташат.

«Сом менен эмес, евро курсу менен түзүлгөн келишимдин айырмасы 42 млн. 311 миң 428 сомду түзгөн. Ошентип, С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 млн. 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген», -дешет УКМК Башкы тергөө башкармалыгынан.

Эскерте кетсек, буга чейин April.kg порталынын кабарчысы Тарых музейинин ички жасалгасы  менен алек болгон «СМУ-3»  ЖЧКсынын башкы директору  Айдарбек Мендеев менен маектешкен. Анда жогоруда айтылып жаткан немецтик компанияны Маданият министрлиги таап келгени айтылган.