06.08.2019 13:18

УКМК: Солтон-Сары боюнча видеоматериалдар улут аралык тирешүүгө алып келиши мүмкүн

УКМК: Солтон-Сары боюнча видеоматериалдар улут аралык тирешүүгө алып келиши мүмкүн

УКМК Солтон-Сарыдагы абал боюнча видеоматериалдарды таратууда этият болууга чакырды. Мекеменин кабарлашынча, алар улут аралык тирешүүгө алып келиши мүмкүн.

«Массалык маалымат каражаттарында, Интернет сайттарда жана социалдык тармактарда Солтон-Сары алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу тарап жаткан видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, жана ошондой эле инвесторлор менен «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратат», -деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу, КР УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү маалыматтарды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет