21.06.2019 14:36

УКМК соттолуучуларды СИЗО-1ге которууну сунуштады

УКМК соттолуучуларды СИЗО-1ге которууну сунуштады

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 21-июнда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат .

Отурумдун жүрүшүндө сот Кубанычбек Касымбеков УКМКдан келген катты окуп берди. Анда Коопсуздук кызматынын Тергөө изолятору толуп калгандыктан, соттолуучуларды СИЗО-1ге которуу өтүнүчү келтирилген.  

Экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев каттын мазмунун сандырактык деп баалады.

«Бул камакта кармалып турган адамдарды сестентүү максатында жасалып жатат. Ал жактын шарты башка. Эгер УКМКнын Тергөө изоляторунда бир камерада ашып кетсе 3 киши отурса, СИЗО – 1де 10-12 киши отурат. Ал жакта криминалитет бар экенин баары сонун билет», - деди каршы болгон жактоочу.

Кубанычбек Кулматов жактоочусун колдой турганын билдирсе, Албек Ибраимов ага баары бир экенин айтты.

Башка жактоочулар кесиптешин колдоп, бул кат жараксыз экенин, анткени мамлекеттик айыптоо тарабынан өтүнүч катары жолдонушу керек болчу экенин билдиришти. Ошондой эле коргоо тарабы УКМКнын Тергөө изоляторунда орун жок болуп жатса, соттолуучуларды үй камагына кое берүүнү суранды.