15.05.2019 10:19

УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти

УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти

УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Идрис Кадыркулов  бул кызматка 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Отставкага кетүү чечимин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине козголгон ишке байланыштуу коомдук пикирден улам кабыл алганын маалымдайт.

«Коомдо паспорт чыгарууга бланк сатып алуу боюнча козголгон иштин алкагында кызуу талкуу жүрүүдө. УКМКнын түшүндүрмөлөрүнө карабай, тергөө калыс эмес жүрүп, ага менин таасирим бар экендиги боюнча божомолдор айтылууда. Мындай божомолдорду четке кагуу үчүн отставкага арыз жазуу чечимин кабыл алдым», — дейт ал. 

Президенттик аппараттан Идрис Кадыркулов берген арызына жараша ээлеген кызматынан бошотулганын тастыкташты.

Эске салсак, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Соттун чечими менен «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана мамкаттоонун төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев соттолгон. Аларга жемкорлук айыбы тагылган. Русланбек Сарыбаев ошол учурда биометрикалык паспорттор үчүн бланкаларды сатып алуу боюнча тендердик комиссияны жетектеп турган.

Белгилей кетсек, тендердик комиссия сынактын жеңүүчүсү катары Garsu Pasaulis компаниясчын тапкан. Компания 40 миллион 150 миң сомго бланкаларды алып келүүгө даяр. Тендерге катышкан IDEMIAFrance SAS сынак жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүү кызматы тергөө иштерин баштаган.