08.08.2019 15:35

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүү ниетин билдирди

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүү ниетин билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүү ниетин билдирди. Бул туурасында бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны учурунда белгилүү болду.

«Ата-Мекен» партиясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов УКМК төрагасы менен бирге ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды. 

«Кечээки операцияңар толугу менен ишке ашпай калды. Силер бир ууч спецназды алып барып, 2 миң кишинин колуна салып бердиңер. «Кой-Ташта бир телефон чалуу менен Атамбаевдин 2 миң тарапташы чогулуп калат» деген маалымат жадагалса бизде да бар болчу. Анан УКМКда ушундай маалымат жок беле? Атамбаев өзү деле кол салышса, курал колдоноорун далай айткан. Сиз дагы, Кашкар Жунушалиев дагы отставкага кетишиңиздер керек», -деди депутат.