22.02.2019 11:02

УКМК кылмыштуу топтун пайдасына чечим чыгарган төрт судьяга кылмыш ишин козгоду

УКМК кылмыштуу топтун пайдасына чечим чыгарган  төрт судьяга кылмыш ишин козгоду

Кылмыштуу топтун пайдасына адилетсиз чечим чыгарган Жогорку жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш-иши козголду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

УКМК тарабынан сот органдарынын системасынын коррупциялык багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруулары аныкталган.

«Тактап айтканда, айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн, КР сот системасынын кызматкерлери атайлап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун ишкерлик иш- аракеттинин объектерин жана мыйзамсыз мүлктү ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталды.

2019-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан 3 сотуна карата жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурунку 1 сотуна УКМК Башкы тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319- беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон», - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин билдиргенине караганда, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.