24.05.2019 13:33

УКМК өкүлү менен «Форум» кызматкеринин сүйлөшүүлөрүнүн аудио-жазуусу

УКМК өкүлү менен «Форум» кызматкеринин  сүйлөшүүлөрүнүн аудио-жазуусу

Өзүн «УКМК өкүлү» катары тааныштырган кишинин «Форум» кызматкери менен болгон сүйлөшүүлөрү жазылып алынган. Бул тууралуу КСДП билдирди.

Тараган аудио-жазууга караганда,  ал киши менен «УКМК өкүлү» бир нече жолу жолугушкан. Экс-президент  А.Атамбаев менен  президенттин мурунку кеңешчиси Ф.Ниязовдун кабинетине үн тыңшоочу жабдууну коюуну сунуштап жаткан адам, Форумда болуп жаткан маанилүү жаңылыктарды дароо кабарлап турууну да өтүнгөн. 

Ошондой эле, акы маселесин да талкуулашкан.