08.05.2020 09:38

Украинанын президенти Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады

Украинанын президенти Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар басылмалар жазды.

Зеленскийдин жаңы жарлыгына ылайык, Саакашвили Реформаларды аткаруу комитетинин башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин, Михаил Саакашвили украин президенти менен жолугуп чыкканын айткан. Андан украин бийлиги өлкөдөгү реформаларды ишке ашырууда көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко кызматта турган кезинде Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган.

2017-жылы Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.