29.03.2019 16:24

Укук коргоочулар: ЖЭБ боюнча ишти чагылдырууда КТРК журналисттери Этикалык кодексти сактабай жатышат

Укук коргоочулар: ЖЭБ боюнча ишти чагылдырууда КТРК журналисттери Этикалык кодексти сактабай жатышат

Укук коргоочулар жана коомдук бирикмелердин жетекчилери КТРКнын Байкоочу кеңешине таасир этүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин Социалдык суроолор, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетине ачык кат жазышты.  

Алар ЖЭБдеги жаңылоону жана авария боюнча соттук отурумду чагылдырууда КТРКнын кабарчылары журналисттин Этикалык кодексин сактабай жатышат деп эсептешет. Медиаэксперт Гүлнура Төралиева КТРКнын жаңылыктарынын 70 чыгарылышына анализ жүргүзүп, ЖЭБди жаңылоо боюнча билдирүүлөр эч себепсиз жана байма-бай чыгып тураарын аныктаган. 

Ал билдирүүлөрдө модернизация өткөрүүдөгү каталар тууралуу гана айтылып, жаңылоонун пайдасы тууралуу бир да сөз келтирилбейт. Ишенимдүү түрдө башкы «күнөөкөр» катары келишим түзүлгөн учурда КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн өкүлү болуп иштеп турган Сапар Исаковдун аты аталат. Башкача пикир айтылбайт. 

«Журналисты КТРК журналисттери ЖЭБ жөнүндө айтып жатып, өз материалдарында журналисттин Этикалык кодексин сакташпайт: сюжеттер эки тарапты бирдей чагылдырбайт, авторлордун пикири менен божомолдору факты менен аралашып кеткен. Журналисттер менен дикторлор өздөрүнүн терс баасын көрүүчүлөргө таңуулашат. Айыпталуучу тараптын жана алардын жактоочулардын пикирлери жок», -деп жазылат катта. 

Алар сюжеттердин көпчүлүгү коррупция менен күрөшүүгө арналганын, бирок коррупция боюнча сөздөрдүн баары айланып келип эле ЖЭБди жаңылоо темасы менен бүтөөрүн белгилешет. 

Журналисттер Сапар Исаковду жана энерготармактын башка жетекчилерин соттун чечими чыга электе эле коррупционер атап алышкан. Мисалы, 2018-жылдын 9-декабрындагы жаңылыктарда «Коррупция менен күрөшүү» аталышындагы сюжет чыккан.

Материал коррупция менен  күрөшүүдөн түшкөн акчаларды сактоочу бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу идеясынан башталат. Сюжетте жогорку кызматтагы аткаминерлердин акча алып жаткан жеринен колго түшкөнү тартылган бир топ тасма көрсөтүлөт. Бирок, журналисттер алардын аттарын аташпайт. Сюжетте болгону 3 адамга көңүл бурулган  – Сапаре Исаков, Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов. Бул саясатчылардын аттары буга чейинки материалда эле айтылган. Ошентип, телеканал 10 мүнөт бою бир эле теманы чагылдырат.  

Ал эми, 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүү адамга чыккан соттун өкүмү тууралуу жаңылыкка мүнөткө жетпеген убакыт бөлүнгөн.

«Республика боюнча көрсөткөн ири канал катары КТРК коомдук пикирди калыптандырат жана сотко басым көрсөтө алат. Мындай жол менен КТРК адилет жана калыс соттук териштирүүгө болгон адамдын укугун бузуп жатат. Биз Жогорку Кеңештин аталган комитетин КТРК Байкоочу кеңешинин бул билдирүүнү ачык-айкын карап чыгышына жана телеканалдын ишмердүүлүгүнө баа беришине көмөктөшүүгө чакырабыз», -дешет кол койгондор. 

Ачык катка кол койгондор: 
Рита Карасартова -  "Коомдук анализ институту" КБ;
Төлөйкан Исмаилова - "Бир Дүйнө  - Кыргызстан"укук коргоочу кыймылы;
Сардар Багишбеков -  "Голос Свободы" Коомдук фонду;
Динара Аляева - ОФ "Помогать легко" жана башкалар.