09.04.2019 18:55

Улан Үсөйүн: Азыр эркектерге караганда, кыздар билимдүүрөөк келет, ошону да моюнга албайбыз

Улан Үсөйүн: Азыр эркектерге караганда, кыздар билимдүүрөөк келет, ошону да моюнга албайбыз

«Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» долбоорунун кезектеги чыгарылышында конокто«Көчмөн Nomad» коомдук фондунун жетекчиси, коомдук активист Улан Үсөйүн болду. Маектин кыска үзүндүсүн келтиребиз:

—8-мартта маршка чыкканыңыз боюнча көп нааразычылыктар болду. Ушул күн сизге кандайдыр бир сабак бердиби? Эгер дагы бир жолу өткөрүлсө, кандай кадам жасайт элеңиз?

— Мен бул суроонун болоорун күткөм. Негизи жашоодо ар бир нерсе сабак. Бирок, чынында мен актанбайм. Марштын максаты тең укуктуулук, зордук-зомбулукка каршы болчу. Мен ошол ойдо барганмын. Ал жерде провокациялык нерселер болду. Бирок, чындыкты мени тааныгандар билет. Эгер дагы бир жолу өтсө, мен сөзсүз түрдө барам. Бул - менин адамдык позициям. Мен жумушум боюнча күн алыс зордук-зомбулукка кабылган аялдарды көрөм. Ошон үчүн биз өнүккөн өлкөдө, жакшы жашоодо жашоону кааласак, биринчи тең укуктуулукту орнотуш керек. Бул үчүн дагы чыгууга даярмын. «Гей парад болду», «гейлерди колдошту» дешти. Негизи андай чакырык болгон эмес. Комментарийлерди окудум. 5-6 миң киши бөлүшүптүр. «Өлтүрөбүз», «өрттөйбүз» дегендер болду, бирок ал нерсе мени күчтүү гана кылды. Ал адамдардын чындыкты билбей туруп жазганын көрүп, Кыргызстанда агартуу тармагында, зордук-зомбулукка каршы мындан да күчтүрөөк иштешибиз керек экенин түшүндүм.

— Сиздин оюңузча феминист эркек деген ким?  

— Феминист мырзамын деп төш каккан эмесмин, про-феминистмин деп жүрөм. Бул аял укуктары боюнча, мисалы, шайлоого аялдар да катышышы керек, коомдо тең каралышы керек, баардык чечимдерде аялдардын орду болушу керек деген көз караш. Азыркы убакта деле биздин коомдо тең каралышы керек дегендей, мисалы жумуштарды бөлүп коюшат, жубайлар ажырашып кетсе, мүлктү эркек ээлеп калып, аялын балдары менен чыгарып коет. Эмне үчүн деген суроо жаралат. Бул аялына да тиешелүү, экөөлөп тапкан нерсе да. Азыр эркектерге караганда, кыздар билимдүүрөөк келет. Бирок, ошону да моюнга алгылары келбей, күч менен «биз кыйынбыз, биз эркекпиз, биз башкарышыбыз керек» деген маңкурттук ойду карманган адамдар аябай көп.   

— Аялдын коомдогу ордун айттыңыз, ал эми үйдөгүчү? Мырза үй жумуштарына жардам бериш керекпи, же аял үйдө кожойке болуп, коомго чыкканда гана каалаганын кылыш керекпи?

— Негизинен жашоодо адам болгондон кийин, аял-эркек дебей, каалаган, кызыккан, сүйгөн нерсесин кылыш керек деп ойлойм. Андай десең эле бизде «анда аялдар барып шахта казгыла, көмүр казгыла» дешет. Дүйнө жүзүндө шахта казган аялдар көп эле. Бирок, азыр үч жүзгө чукул кесип аялдарга тыюу салынып калган. Биз алдыга умтулуп, алдыны карашыбыз керек. Азыр тамак жасоо сейрек көрүнүш болуп калды, нан жасоо сейрек көрүнүш болуп калды, баарын сатып алабыз. Баарына мүмкүнчүлүк түзүлүп атат. Биз «сен тамак жасап беришиң керек, киримди жуушуң керек» дегендин ордуна, билим алышыбыз керек, балдарыбызга инвестиция кылалы, жаңы нерсени кылалы деп ойлонушубуз керек. А биз турмуш-тиричиликтеги нерсени талашып баштайбыз, аялдын орду кайсы, эркектин орду кайсы, жардам бериш керекпи, же жардам бербеш керекпи деп. Мисалы, менин мамилемде болочок жарым эмнени кааласа кылсын, анын балким тамак жасагысы келбейттир, бир саат тамак жасагыча, балким, бир саат компьютерде отуруп 100 доллар табаттыр. Ушундай бир артыкчылыктуу жолдорду караганга өтүшүбүз керек. А бизде уруш эмнеден чыгат? «Сенин тамагың мындай болуп калыптыр, тиги жериң тигиндей болуп калыптыр», «Байпагымды жуубай жатасың» дегенден көрө, «3 айдан бери мени чет жакка жөнөтпөй жатасың» деп урушсак, бул глобалдуураак. Сен эркек болуп алып, байпак жууйсуңбу, тамак жасайсыңбы ,бул силердин үйдүн ичинде кала турган ички чечим. 

Толук маекти бүгүн 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» долбоорунун кезектеги чыгарылышында көрө  аласыздар.