29.01.2020 12:01

Улгайган аялды үйүнүн короосуна чейин барып тоногон жаран кармалды

Улгайган аялды үйүнүн короосуна чейин барып тоногон жаран кармалды

Тунгуч кичи районунда күч колдонуп улгайган аялды тоногон жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы жигит Бишкекте банктык эсебинен акча алган аялдын баштыгын үйүнүн короосуна чейин барып тартып алган.

Тагыраагы, 2019-жылдын декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз бирөө Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн кире беришинен күч колдонуп баштыгын тартып алганын айткан. Айтымында, баштыкта 2 даана «Самсунг» үлгүсүндөгү телефон, капчык (ичинде 15 миң сом бар болчу) жана ID-паспорту болгон.

Кылмышка шектүү качып кеткен. Ал эми келтирилген жалпы чыгым 30 миң сомго бааланды.

Уурулукка шектелип 2000-жылы туулган жаран кармалды.