29.10.2018 10:05

Улуттук банк Ч. Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн 20 сомдук монета чыгарды

Улуттук банк Ч. Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн 20 сомдук монета чыгарды

Улуттук банк 29-октябрдан тартып, «Тарыхый окуялар» сериясында «Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти. 

Коллекциялык монета көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына чыгарылган.

Монетанын алдыңкы бетинде Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Монетаны айланта «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» деген жазуу бар. Оң тарабында монетанын номиналы (20 сом) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин үстүңкү бөлүгүндө КР герби түшүрүлгөн. Анын алдында кыргыз тоолору чагылдырылып, Ысык-Көл жана Ч. Айтматовдун чыгармасындагы Ак кеме менен Бугу эненин сөлөкөтү түшүрүлгөн.