10.07.2018 12:03

Улуттук китепканада Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтүүдө

Улуттук китепканада Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгына арналган  китеп көргөзмөсү өтүүдө

А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгына арналган “Өз доорунун жарчысы”аттуу китеп көргөзмөсү өтүүдө. Бул туурасында Улуттук китепканадан билдиришти. 

Көргөзмө китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында уюшулган. Анда А. Жутакеевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндөгү материалдар, макалалар орун алган.Окурмандар август айынын аягына чейин бул көргөзмө менен таанышууга мүмкүнчүлүктөрдү алышат.

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, жазгыч акын Жутакеев А. 1888-жылы Тянь-Шань районундагы Жон-Булак айылында туулган. Акындын жаштайынан көргөн кордугу, жокчулуктун айынан тарткан азабы анын «Жетимдик», «Жокчулук» аттуу туңгуч ырларынын мазмунуна айланган.

Анын ырчылык жөндөмү 13-14 жашынан тарта той-тамашаларда, оюн-зооктордо ырдап, кат таанып, айрым ырларын кагаз бетине түшүрөт. Ал 1920-жылы Алма-Атадагы мугалимдердин 6 айлык даярдоо курсун бүтүрүп, 1923-жылга чейин Ат-Башыда мугалим, андан кийин 1923-1931-жылдары Нарын уездинде союз кошчунун төрагасы, Ак-Жар колхозунда башкарма болуп иштеген.

Анын чыгармачылыгы 20-жылдарда башталып, «Ленин кошогу», «Үч доор», «Кеңеш өкмөтү», «Жаңы конуш», «Кесел кедейдин арманы» сыяктуу көлөмдүү чыгармаларын жазган. 1966-жылы улуттук-боштондук кыймылына арналган, чындыкты элестүү сүрөттөгөн «Качан турмуш», «Азган эл», «Кайран эл», «Кайткан эл» сыяктуу ырлар циклин жазган.

А. Жутакеев өз ырларын жалаң эле кагаз бетине түшүрбөстөн, колуна комуз алып, төкмөлүк менен эл алдында ырдап жүргөн. 1926-жылдан өмүрүнүн акырына чейин коомдук иштерге иштеп көркөм сөз
чыгармачылыгына аракеттенип, бардык күчүн партиянын ишине, эмгекчил элдин жеңишине жумшаган. Акындын көркөм мурастарынын көпчүлүгү өзүнүн көзү өткөн соң жыйналып жарык көрдү.