04.12.2019 17:31

Маданият министрлиги Мира Джангарачеваны кызматына кайтарбайт

Маданият министрлиги Мира Джангарачеваны кызматына кайтарбайт

Маданият министрлиги Мира Джангарачеваны кызматына кайтарбайт. Бул тууралуу аталган ведомство билдирет.

"КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Гапар Айтиев атындагы музейдин кызматкерлеринин жана КР сүрөтчүлөр союзунун Мира Джангарачеваны директорлук кызматына кайтаруу тууралуу кайрылуусун карап көрүүгө даяр. Бирок Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жетекчилик кызматына кайра орноштуруу тууралуу сөз боло элек", - деп билдирет министрликтин маалымат кызматы.  

Күн мурун, 3-декабрда Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминнале көргөзмөсүнүн тегерегиндеги жанжал боюнча чукул жыйыны өткөн.

Отурумда маданият министри Азамат Жаманкуловдун музейдин директору Мира Джангарачеваны жумуштан алуу боюнча документке кол коюусу - шашылыш чыгарылган чечим болгонун белгилешкен. Андан улам Сүрөтчүлөр союзу Мира Джангарачеваны кызматына кайтарууну талап кылышкан.

Эске салсак, мурдараак Мира Жангарачева музейдин директорлугунан өз каалоосу менен кетем деп арыз жазган. Мындай чечимге Феминнале көргөзмөсүнүн айынан жаралган жаңжал себеп болгон. Айтымында музейдин кызматкерлерин жана Феминнале көргөзмөсүнүн уюштуруучуларын “Кырк-Чоронун” коркутуп-үркүтүүлөрүнөн сакташ үчүн кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

Мира Джангарачеваны колдогон Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин ондогон кызматкерлери кол топтошуп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашкан.