13.12.2019 10:03

#REакция 2.0: Сөз эркиндигин колдоо максатында митинг өтөт

#REакция 2.0: Сөз эркиндигин колдоо максатында митинг өтөт

Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланууда. 

Акция Ала-Тоо аянтында 18-декабрда саат 11 жарымда башталат.

Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо-арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.