Улуттук онкология борборуна нур менен дарылоо жабдыгы качан алынат?

Улуттук онкология борборуна нур менен дарылоо жабдыгы качан алынат?

Өлкөдөгү рак илдетине кабылгандар муктаж болгон линиялык тездеткич аппаратын сатып алуу коррупциялашып кетти. “Помогать легко” коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева Улуттук онкологиялык борбордун жетекчиси тендерде уткан компания менен өз ара келишип алганын айтып чыкты. Тендер бир эле компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деген пикирде.

Линиялык тездеткичти алууга сынак январда эле жарыяланып, кайра жокко чыгарылган. Учурда онкологиялык борбордун нур терапиясы бөлүмүндө бейтаптарга эски жабдыктар кызмат көрсөтүүдө.

Ракка кабылгандардын 80% муктаж болгон линиялык тездеткичти алуу тендериндеги чырдын башы эмнеде?