02.10.2018 12:09

Унаа токтотуучу жайдын кызматкерин сабаган айдоочу ири өлчөмдө айып пул төлөшү мүмкүн

Унаа токтотуучу жайдын кызматкерин сабаган айдоочу ири өлчөмдө айып пул төлөшү мүмкүн

Унаа токтотуучу жайда иштеген адамды сүзүп, андан соң кол көтөргөн айдоочу 20 күнгө камалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда отурат.  Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

«Иш материалдары тергөөчүгө өткөрүлүп берилди. «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду», - деп билдиришет шаардык милициядан. 

Кылмыш-жаза кодексинин бул беренеси боюнча 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратып, же 180 миңден 220 миңге чейин айып пул салуу жазасы каралган.