26.12.2018 12:17

Унаалардан чыккан зыян заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү

Унаалардан чыккан зыян заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү

Бишкектеги аба булгануу маселеси эми жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлорго келип жетти. Алар 5 күндөн бери шаардын 3 жеринде, унаалардын чыгарып жаткан түтүндөрүн зыяндуулукка текшерип жатышат. 

Рейдге илинип калбоо сиздин бактыңыздан гана көз каранды. Анткени бул аралыкта бардык автомобилдерди текшерүү мүмкүн эмес. Текшерилген күндө дагы, 1000 сомдук айып карапайым элдин гана капчыгын жукартпаса, экология кандай булганган болсо, ошол бойдон эле кала бермекчи.