10.10.2018 16:39

Унаасы калып, өздөрү жок. Аламүдүн районунан туугандар жоголду

Унаасы калып, өздөрү жок. Аламүдүн районунан туугандар жоголду

Аламүдүн районунун Кырман айылынан эже-ини жана алардын тууганы жоголду. Жаштар 17-сентябрда кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБден билдиришти.

Милицияга кайрылган Кырман айылынын тургунунун айтымында, 18 жаштагы уулу Ырысбек Султанов, 19 жаштагы кызы Альбина Максуталы кызы жана тууганынын 17 жаштагы кызы -  Алина Канат кызы Кырмандагы үйдөн «Мерседес-Бенц-210» үлгүсүндөгү кара-көк түстөгү унаа менен чыгып кетип, ошол боюнча келген эмес.

Кийинчерээк жогоруда айтылган унаа «Келечек» конушунан табылган. Мындан улам, милиция шаар тургундарынан жоголгон балдарды табышууга жардам сурайт. 

Белгилери:

Султанов Ырысбек Максуталиевич
Бою - 160-162 см, арыкчырай, чачы-көзү кара.

Максуталы кызы Альбина
Бою - 150-155 см, арыкчырай, чачы-көзү кара. 
Өзгөчө белгиси: курсагында аппендициттен калган тырык бар.

Канат кызы Алина
Бою - 150-155 см, орточо дене түзүлүштө, чачы кара-күрөң, көздөрү кара.

Буларды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге кабарлап койсоңуздар:  
0(312) 36-35-27,  0(312)36-35-23,
0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(552) 90-91-63 же 102.