08.01.2019 12:00

Унаасын каттоодон өткөрүүнү көздөгөн жарандар Мамкаттоо кызматынын ишине - нааразы

Унаасын каттоодон өткөрүүнү көздөгөн жарандар Мамкаттоо кызматынын ишине - нааразы

Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-экзамен бөлүмүнүн имаратында 3 чакырымга созулган тыгын жаралды. Бул туурасында April.kg порталына шаар тургуну билдирди.

Анын айтымында, унааны каттоодон өткөрүш үчүн алгач техникалык кароодон өтүү зарыл. 3 күндөн бери унаа ээлери машиналарын каттоодон өткөрө албай турушат.

Ал белгилегендей, каттоо терезесинде Мамлекеттик каттоо кызматынын 3 кызматкери гана иштөөдө. Алар бир күн ичинде келген унаалардын баарын тейлей албай, кесепетинде тыгын жаралууда. 

«МКК кызматкерлери дем алыш күндөрү иштешпейт. Иш күндөрү саат 12ден тартып түштөнүүгө  кетишет. Биз дагы иш күндөрү жумуштабыз. Анан буларга кайсы маалда келип, унааны каттатабыз? Каттатканды коелук, жадагалса унааны техникалык кароодон өткөрө албай жатабыз», - деп билдирет шаар тургуну. 

Анын айтымында, унаа ээлеринин нааразычылыктарына Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери телефон номерлерин берип, ошол жакка кайрылууну айтышкан. Бирок, ал телефондорго чалышканда эч ким жооп берген эмес. 

April.kg порталына Мамлекеттик каттоо кызматы бул окуянын чоо-жайын териштирип, чара көрүүнү убадалашты.