24.12.2018 17:04

Ур-токмоктон каза тапкан 1,5 жаштагы бала: Апасы аны өзү араң жашап жаткан таякесине калтырган

Ур-токмоктон каза тапкан 1,5 жаштагы бала: Апасы аны өзү араң жашап жаткан таякесине калтырган

Жети-Өгүз районунда 1, 5 жаштагы баланын таажеңеси тарабынан токмоктолуп өлтүрүлүшү боюнча Социалдык өнүгүү министрлиги билдирүү таратты. 

Окуя Жети-Өгүз районунун Светлая-Поляна айылында болгон. Баланын апасы Б.А.Э. күйөөсү менен ажырашып кеткен. Алардын расмий никеси жок болгондуктан, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес. 

Б.А.Э. өзү баласы менен Токмок шаарында жашап турган. Ушул жылдын ноябрында 2017-жылы туулган уулу Б.А.ны таяке-таажеңесине таштап, Москвага иштегени кеткен.

Баласын туугандарына убактылуу таштап жатканын апасы да, баланы карап калган туугандары да социалдык коргоо органдарына билдирген эмес. 

Таякеси Ж.А.Б.нын үй-бүлөсү 2016-жылдан бери аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган. 4 баласына 3,5 миң сом жөлөк пул алчу. 

Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында болжол менен саат 12:00дө таажеңеси Б.А.Р. баланы оор абалда райондук ооруканага жеткирген. Дарыгерлердин айтымында, бала эсине келбей, ошол түнү көз жумган. Учурда Б.А.Р. тартип сакчылары тарабынан кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө.