17.07.2018 10:57

Уурулук менен шугулданган коңшу өлкө жарандары колго түштү

Уурулук менен шугулданган коңшу өлкө жарандары колго түштү

Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери коңшу өлкөдөн келген ууруларды кармады.  Уурулар тобу борбордо бир нече ирет уурулук кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Милицияга мурда шаардагы кичирайондордун биринин тургуну кайрылып, 3-апрель күнү саат 11:00-19:00 чамасында үйүнө белгисиз адамдар баалуу буюмдарды тоноо максатында киргенин айткан. Ушундай эле арыз менен бир айдан кийин башка шаар тургуну кайрылып, үйүнөн 50 миң сом уурдатканын билдирген. Бул факт боюнча Октябрь РИИБ 164-берене (уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын аркасы менен милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1983-жылкы жана 1979-жылкы казак жарандарын кармады. Шектүүлөр убактылуу ижарага алган батирди текшерүү учурунда: 5 уюлдук телефон, саат, электрошокер, кол каптар, домофон ачкычтары, ар кандай түрдөгү ачкычтар табылды. Ошондой эле, баалуу жасалгалар үчүн тараза жана доллар, сом түрүндө акча каражаттары алынды. Учурда бул адамдардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилүүдө.

Шектүүлөр Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.