27.09.2018 14:04

Уйкусу ачыла элек ата халатты жаңы төрөлгөн ымыркайы менен алмаштырып алды

Уйкусу ачыла элек ата халатты жаңы төрөлгөн ымыркайы менен  алмаштырып алды

Жаңы төрөгөн жубайына бала карашып жатып катуу чарчаган ата төрөт үйүнүн палатасында уктап кеткен (Гавайи, АКШ).

Жубайы күйөөсүн ойготуу максатында аны көздөй халатын ыргыткан. Уйку-соонун арасындагы эркек элпек гана халатты алдына алып, термете баштаган. 

Ал «кандайча бала менин колума түшүп калды?» деп ойлонгон да эмес. 

Ымыркай болсо, бул убакта уйкулуу күйөөсүн тасмага тартып жаткан апасынын жанында таттуу уктап жаткан.