25.06.2018 18:14

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип камакка алынды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип камакка алынды

КМШ өлкөлөрүнөн автоунаа алып келип берүүнү убадалап, ири суммадагы акча алып, из жашырган кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жаран 2016-жылдын ноябрында КМШдан унаа алып келип берем деп, жабыркагандардан 3 миң доллар алган. Айтылган унааны жабырлануучулар жарым жыл күтүшкөн. 2017-жылдын жаз айларында кайра пайда болгон жаран унааны  бажыдан өткөрүү үчүн кошумча 2 миң доллар сураган. Акча колго тийген соң, белгисиз тарапка из жашырган.

Жабырлануучулар бул факт боюнча 2018-жылы гана ИИМдин Криминалдык милиция кызматына арыз менен кайрылышкан. Чогулган материалдардын негизинде 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 

Чуй облусунун айылдарынын биринде жүргөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү 1976-жылы туулган Д.Б. колго түштү.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, Бакаля каймана аты менен таанымал Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Ал буга чейин да бир нече жолу  оор кылмыштар менен соттолгону аныкталды.  

Учурда шектүү Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Териштирүү иштери уланууда.