26.03.2019 13:15

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкердин 1,4 млн сомун опузалоо жолу менен тартып алган

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкердин 1,4 млн сомун опузалоо жолу менен тартып алган

Ишкерди коркутуп 1,4 миллион сомун тартып алган 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ушул айдын башында ички иштер органдарына опузалап, акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Анда арыз ээси 2016-жылы өздөрүн «криминалдык авторитет» катары тааныштырган эки жаран күч колдонуу жолу менен коркутушуп, 1 400 000 сом суммасындагы акча каражатын тартып алышканын билдирген.

Бул факт боюнча Жайыл РИИБдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин  203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалоо) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.  

2019-жылдын 23-март күнү  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жашоочусу шектүү катары кармалган.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жаран мурда баңгизатты сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана УКТнын биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда туруп, криминалдык чөйрөдө «Смотрящий» макамына ээ.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.