08.04.2019 17:14

Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолукту

Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолукту

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга кечээ Таиланддан учуп келди. Мушкер бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Даңк" медалын алып, андан соң күйөрмандары менен жолугушту.

Бүгүн Бишкектиктер менен баарлашса, эртең ушундай эле жолугушуу Ош шаарында өтөт. Валентина Кыргызстанга бир жумага гана келген. Андан соң ал Санкт-Петербургга учуп кетет.

Эске салсак, ал жакта эжеси Антонина Шевченко 20-апрелде америкалык Роксанн Модаффери менен жолугушат.