30.03.2020 10:06

Вебкам-студиянын ээси Даниэл Ажиев эки ай камакта болот

Вебкам-студиянын ээси Даниэл Ажиев эки ай камакта болот

Даниэл Ажиевди 26-майга чейин №1 убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка караганда ага жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу” беренеси боюнча айып тагылууда.

Даниэл Ажиев бийлик өзгөчө кырдаал киргизгенден кийин коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн билдирген. Ошондой эле бир канча үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосун жүктөгөн. Интернет колдонуучулары тарабынан Даниэлдин дарегине сын-пикирлер жазылгандан кийин ал инстаграм баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды кемсинтип, сөккөн.