08.04.2020 17:00

Вебкам-студиянын ээси Даниэл Ажиевди Бишкек шаардык сот да камакта калтырды

Вебкам-студиянын ээси Даниэл Ажиевди Бишкек шаардык сот да камакта калтырды

Даниэл Ажиевди 26-майга чейин №1 убактылуу кармоочу жайга киргизүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин шаардык сот өзгөрткөн жок. Ажиевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карады. Маалыматка караганда ага жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу” беренеси боюнча айып тагылууда. Даниэл Ажиев бийлик өзгөчө кырдаал киргизгенден кийин коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн билдирген. Ошондой эле бир канча үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосун жүктөгөн. Интернет колдонуучулары тарабынан Даниэлдин дарегине сын-пикирлер жазылгандан кийин ал  инстаграм баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды кемсинтип, сөккөн.