24.07.2019 09:21

Видео: Ысык-Көл облусунда кара куурай менен күрөш жүрүп жатат

Видео: Ысык-Көл облусунда кара куурай менен күрөш жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тругнудар 600 кг жапайы өскөн кара куурайды жок кылышты. Баардыгы болуп 0,5 гектар жер аталган чөптөн тазаланганын облустук ИИББ билдирет.

“Иш чаранын башкы максаты-мыйзамсыз маң затынын айлануусун алдын алуу”,- дейт башкармалык. 

«Мак-2019» аталышындагы оперативдик жана профилактикалык комплекстүү операция уланууда.