25.09.2018 09:20

Виргиниялык аял бакчасынан эки баштуу уулуу жылан таап алды

Виргиниялык аял  бакчасынан эки баштуу уулуу жылан таап алды

Виргиния жашоочусу бакчасынан эки баштуу уулуу жылан таап алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Окумуштуулар бул өтө сейрек кездешүүчү табылга экенин айтып чыгышты. Анткени, полицефалия менен жабыркаган жаныбарлар адатта жашап кете алышпайт, же болбосо .бир нече ай гана жашашат.

Бул жыланга болжол менен эки жума болгон. Узундугу 15 сантиметрден бир аз узун. 

Азыр бул жыланды тажрыйбалуу адис карап, багып жатат. Эгер аман калса, жергиликтүү зоопаркка берүүнү ойлонушууда.

Изилдөөлөр жыландын 2 мээси, 2 кызыл өңгөчү, 2 кекиртеги, бир жүрөгү жана өпкөсү бар экенин көрсөттү. Бирок, эң кызыктуусу- эки баш бирин-бири атаандаш катары көрүп, тамак талашып согуша кетишет экен.  Сол жактагы башы оң жактагысына караганда шамдагай экени айтылат. 

Полицефалия — жаныбарлардын генетикалык жактан бузулуусу. Эмбрион эгиздерге бөлүнүп жатып, бул процесс кандайдыр бир себептер менен үзгүлтүккө учурайт. Кесепетинде эки баштуу жаныбар туулат.