02.01.2019 17:30

Владимир Путин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады

Владимир Путин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын экс-президенти, КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады. Бул туурасында орусиялык президент администрациясынын сайтында маалымдалды. 

2019-жылды утурлай Владимир Путин салт болуп калгандай Россия менен достук мамиледеги мамлекеттердин учурдагы жетекчилерин жана жеке достук мамилеси сакталып калган бир нече өлкөнүн экс-президенттерин куттуктады. 

РФ президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге Жаңы жылда ден соолук жана бакыт каалады.