02.09.2019 17:32

Владимир Зеленский уулун биринчи класска алып барды жана аны камерага тартууга тыюу салды (видео)

Владимир Зеленский уулун биринчи класска алып барды жана аны камерага тартууга тыюу салды (видео)

Украина президенти Владимир Зеленскийдин уулу бүгүн биринчи класска барды. Мектептеги биринчи коңгуроо салтанатына уулун коштоп барган Зеленский кабарчылардын баласын тасмага тартуусуна тыюу салды. 

Алты жаштагы Кирилл Зеленский Киевдеги жеке менчик мектептердин биринин босогосун аттады. Украина лидери телекомпаниялардын биринин операторуна өзү басып барып, баласын тартпоону талап кылды. Украинанын биринчи айымы болсо, колу менен камеранын бетин жапты. Салтанаттуу чогулушка мамлекет башчынын үй-бүлөсүн күзөтчү коштоп барган.

«Страна.ua» билдиргендей, Зеленскийдин улуу кызы Александра ушул эле мектепте окуйт, быйыл 8-класс болду. Бул мектепте балдары окуган ата-энелер жылына 10 850 доллардан 12 850 долларга чейин төлөшөт.