14.01.2019 09:45

Владивостоктогу ири жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады (видео)

Владивостоктогу ири жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады (видео)

Россиянын Владивосток шаарында болгон жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады. Бул туурасында КР Россиядагы элчилигинен билдиришти.  

Маалыматка караганда, мекендешибиз–Баткен облусунун Кара-Булак айылында туулган, 1970-жылкы  киши– кабылган жол кырсыгы 11-январда кечке маал катталган. Анда 16 киши жабыркаган. Учурда 6 киши ооруканада болсо, калгандары үйлөрүнө чыгарылган. 

Элчилик тараткан билдирүүдө кырсыктын келип чыгышына Toyota Crown унаасынын 23 жаштагы айдоочусу себепкер болгону айтылат. Ал тоннелден чыгып баратып рулга ээ боло албай калып, кыргызстандык  жаран–Баткен облусунун Кара-Булак айылында туулган, 1970-жылкы  айдап бараткан №38 маршруттук автобусту сүзүп алган. Кичи автобустун айдоочусу аймактагы клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор жана туруктуу экени айтылат. 

Ал эми, «Новости Владивосток» порталынын маалыматына караганда, кырсыктын келип чыгышына Toyota Crown унаасынын айдоочусунун эпилепсиясы кармаганы себеп болгон. Ал рулду башкара албай калып, №38 маршрутка менен сүзүшкөн, кичи автобус катуу соккудан сол капталына оодарылып, дагы 6 унааны коюп кеткен. 

Жабыркагандардын арасында 12 жаштагы бала менен 10 жаштагы кыз да бар.  Баарынан катуу жабыркаган кыргызстандык экени айтылат. 13-январда ага операция жасашып, колун сактап калышкан, учурда абалы оор, бирок туруктуу экени айтылат. «Toyota Crown» унаасынын айдоочусу эч нерсе болгон эмес.