14.01.2019 12:29

Владивостоктогу жол кырсыгынан жабыркаган кыргыз жаранын акысыз дарылашууда

Владивостоктогу жол кырсыгынан жабыркаган кыргыз жаранын акысыз дарылашууда

Владивосток шаарында жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандык Исомидин  Даминов дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында April.kg порталына Приморский крайындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бакыт Садиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Приморский крайындагы консул Исмаилова Мухабат ооруканага барып, 11-январда жол кырсыгынан жабыркаган Исомидин Даминовдун акыбалын сурап жана башкы дарыгер менен жолугуп кайтты.

«Мекендешибиз дагы эле жандандыруу бөлүмүндө. Үстүнө башка адамдары киргизбей жатышат. Консул барып, оорулуунун ал-абалын сурап, башкы дарыгер жана жакындары менен жолугуп келди. Кечээ  операция жасашыптыр. Дарыгерлердин айтымында, азырынча акыбалы бир аз оор экен. РФнын бекер каржылоосу менен дарыланып жатыптыр», -деди кыргыз диаспорасынын жетекчиси. 

Эскерте кетсек, 11-январда Россиянын Владивосток шаарында кыргыз жараны башкарып бараткан маршруттук автобусту Toyota Crown унаасы сүзүп алган. Кичи автобус соккудан улам сол капталына оодарылып түшүп, дагы 6 унааны сүрүп кеткен.

Кырсыктан 16 адам жабыркаган. Баарынан катуу жаракат алган кыргыз жараны болгон. 13-январда ага операция жасашып, колун сактап калышкан.